Акыркы беш жылда Кыргызстанда спорт тармагын каржылоо олуттуу көбөйүп, 800 млн сомдон 2,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын спорт жана дене тарбия чөйрөсүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар өлкө боюнча спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Касымалиев ошондой эле бир катар негизги спорт объектилерин масштабдуу реконструкциялоо жөнүндө айтып берди.
Анын ичинде:
«Мындан тышкары, 2025-жылдын биринчи жарымында дагы 6 футболдук стадиондун курулушун бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда», — деп кошумчалады минкаб төрагасы.