
Учурда «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо кызуу жүрүп жатат.
Ал арада шаар бийлиги жаңылана турган башкы аянттын эскиздери менен бөлүштү. Эң кызыгы — түнкүсүн күйө турган «от» фонтандары болорун айтууда.
Калаа бийлиги реконструкциянын өзү августтун аягына чейин бүтөрүн убадалады.