Алмаз уулу Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты

Бекзат Алмаз уулу Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты.

Бекзат Алмаз уулу 57 кг салмак категориясында1/4 финалда америкалык Спенсер Ричард Ли менен менен күрөшүп, 2:12 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин кыргызстандык спортчу казакстандык Мейрамбек Картбай менен кез келип, аны 4:1 эсебинде жеңген.

Эгер америкалык балбан финалга чыкса, Алмаз Бекзат уулу эртең коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште таймаша алат.

8 Август 2024 жыл 16:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча