«Альянс Алтын» дагы бир мектепти жаңы эмеректер менен камсыздады

Манас районуна караштуу Май айылындагы Бейшеналы Узенов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен билим уясына керектелүүчү инвентарлар алынып берилди.

Окуу класстарына жагымдуу жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында мугалим окуучулар үчүн жаңы шкаф, парта, стулдар жана эки даана компьютер принтери менен алынды. Ал үчүн Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан 324 000 сом каржылык колдоо көрсөтүлдү.

9 Апрель 2024 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча