Мурда мамлекеттик ооруканаларда лабораториялар дээрлик жок болгондуктан, бейтаптарга анализ тапшыруу үчүн жеке медициналык борборлорго барууга туура келчү. Азыр көптөгөн медициналык мекемелерде ооруну аныктоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Бул тууралуу “Кабар подкаст” берүүсүндө саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Осмоновдун айтымында, анализдердин түрү оорукананын чоң-кичинесине жана кайсы аймакта жайгашканына жараша айырмаланат. Бирок азыркы учурда эң керектүү жана негизгилери көпчүлүк ооруканаларда жарандар үчүн жеткиликтүү.
“Бүгүнкү күндө ооруканалардын көбүндө эң негизги анализдердин дээрлик баарын тапшырууга болот. Алардын ичинде жалпы кан анализи, боор жана бөйрөктүн функционалдык тесттери, коагулограмма, ошондой эле миокард инфарктына шек жаралган учурдагы тропонин боюнча экспресс-тесттер да бар. Айрым учурларда реагенттер убактылуу жетишпей калышы же өтө тар адистештирилген анализдерди жүргүзүү зарыл болуп калышы мүмкүн. Мындай жагдайларда айрым кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Мындан улам бейтапты так диагноз коюу жана керектүү дарылоону туура аныктоо үчүн башка ооруканаларга жөнөтүшөт”, — деди министр.