Араван жана Алайда жарандардан акча талап кылган нотариустар кармалды 

Араван жана Алай райондорунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариустары жарандардан документтерди тариздөө үчүн системалуу түрдө акча талап кылып келишкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү жана 337-беренесинин 2-бөлүгү (пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван жана Алай райондорунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин Б.Г.Ш. жана И.Л.Ж аттуу нотариустары системалуу негизде мыйзамсыз жеке баюу максатын көздөп, нотариалдык аракеттердин процессин жасалма татаалдатуу жолу менен нотариалдык документтерди тариздөөдө акча каражаттарын талап кылышкандыгы аныкталды.

Мындан улам, 10-майда жана 17-июлда козголгон кылмыш иштеринин алкагында жогорудагы кызматкерлер кайрылган адамдардан акча каражатын өндүрүү учурунда кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

19 Июль 2024 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча