Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбапда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министррлигинен билдиришкендей, саат 18:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары аталган айылдын ички жолдорун каптаган.
Учурда жол каттамы ачык.
Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары, Арстанбап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров жөнөп кетти.