Ашканада иштеген 17 жаштагы кыз колун эт турагыч менен майдалап алды

Бишкектеги «Инжир» кафесинин ашканасында колун эт туурагычка кесип, оор жаракат алган 17 жаштагы кыздын абалы орто оордукта. Бул туурасында Улуттук госпиталдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «бүгүн, 8-июлга карата бейтаптын кан басымы, дене табы нормалдуу. Күн сайын жарааты тазаланып, кайра таңылат. Манжалары шишик болуп, кызарып турат. Ал эми психологиялык абалы анча эмес. Болуп өткөн окуяны кабыл алууга убакыт керек», — деп билдирген мекемеден.

Мекеменин маалыматы боюнча, 17 жаштагы бейтап 26-июнда оң колдун оор жаракаты, тагыраагы, үчүнчү жана төртүнчү манжалардын терең жабыркашы жана экинчи, бешинчи манжалардын, манжа тарамыштарынын, нервдеринин, кан тамырларынын толук эмес травмасы деген диагноз менен түшкөн. Ал көп кан жоготкон.

Бейтап колун эт туурагычтан чыгара алган эмес, мындан улам ооруканага эт туурагычка тыгылып калган колу менен жеткирилген. Оң колунун функциясы бузулган.

Ага чукул операция жасалып, сөөмөйү реплантация (мүчөнүн үзүлүп же ажырап калган бөлүгүн хирургиялык жол менен кайра туташтыруу) болгон. III, IV манжалары ампутация болгон.

8 Июль 2024 жыл 13:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча