Ат-Башыдагы сел: Бир жаран куткарылып, унаа жолу толугу менен ачылды

12-июль күнү саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, табият кырсыгы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда катталган.

«Сел суусуна агып кеткен унаадагы бир жаран куткарылып, аман-эсен чыгарылды. Турак жайларга зыян келтирилген жок. Ат-Башы – Өзгөрүш унаа жолу эки тараптуу ачылып, кыймыл толугу менен калыбына келтирилди», — деп айтылат маалыматта.

Жолго жана көпүрөгө зыян келген эмес.

13 Июль 2026 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча