Жогорку Кеңештин бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазов бүгүн 9-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) суракта болду. Ал шайлоодогу эки тарапташы 10 күндөн бери камакта отурганына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкканын, аларга каршы арызды шайлоодогу атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин үгүтчүлөрү жазганын, суракта Матраимов менен байланышы тууралуу да сөз болгонун “Азаттыкка” айтып берди:
“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу айтылды. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери белгисиз жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. Матраимов менен байланышың барбы деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым”.
Анын айтымында, Муртазалиевдин үгүтчүлөрүнөн арыз шайлоодон бир айдан кийин түшкөнү белгилүү болду.
Атазов Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, ири коррупция үчүн соттолгон жана сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү. Ал 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.