Автобустук каттамдардын номерлери өзгөрүшү мүмкүн

Бүгүнкү күндө борбор калаада коомдук транспорттун кыймыл чиймесин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында айрым маршруттук каттамдардын номерлерин өзгөртүү маселеси каралып жатат.

Ошондой эле түнкү тарифтер боюнча долбоор да даярдалууда.

“Учурда түнкү убакта каттай турган бир катар маршруттарды тесттик режимде ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлөт”, — деп айтышты ишканадан

10 Июнь 2026 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча