Азия чемпионаты: Айжамал Адылбекова коло байге алды

Кыргызстандын кыздар арасында бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Айжамал Адылбекова Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

Спортчу 63 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалда тажикстандык мушкерди утуп, жарым финалдык беттеште казакстандык спортчуга жеңилип калган.

1 Ноябрь 2023 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча