“Азия Моллдо” бомба изделүүдө

Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунда бомба изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, милицияга соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Борборго келген кардарлар, коноктор жана кызматкерлер эвакуацияланып, имарат курчоого алынды”, — деп билдиришти милициядан.

29 Май 2023 жыл 11:02

Тема боюнча