Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Омурбек Бабанов Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имараты менен парктын ачылышына катышты.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталып, демөөрчү болгон Өмүрбек Бабанов тарабынан 120 млн сом каражат сарпталган. Бардык шарты менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү бийлик менен катар калкты тейлөө борбору жана музей жайгаштырылат.
Төрага жаңы имаратта иш алып бара турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Аманбаев айылына жаңы бала бакча ачып берээрин айтты.