Бала бакчада тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат

Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-ашына ата-энелер акча төлөй тургандыгы тууралуу маалымат тараган.

Финансы министрлигинен такташкандай, Кыргыз Республикасынын ылайык «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык – «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат».

1 Ноябрь 2023 жыл 12:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча