Балдар үйүнө 10 айда ата-энеси баш тарткан 14 наристе түшкөн

Бишкектеги төрт жашка чейинки балдарды реабилитациялоочу борборго 2023-жылдын он айында ата-энеси баш тарткан 14 наристе жеткирилген. Алардын ичинен алтоо мигранттардын балдары.

Бул тууралуу аталган борбордун адиси Гүлжан Ашимова «Азаттыкка» билдирди:

«Төрөгөн энеси баш тарткан бул балдар Орусия, Казакстандан репатриацияланып алып келинген».

Ашимованын сөзүнө караганда былтыр балдар үйүнө 20 бала түшсө, алтоо репатриация болгон балдар. 2021-жылы 37 бала жеткирилсе, анын ичинен 19у Орусия, Казакстандагы мигранттардын балдары болгон.

Ноябрь айында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя катталды.

23 Ноябрь 2023 жыл 19:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча