Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126-134- чакырым аралыгында реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Ал эми сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү.
Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун негизин даярдоо иштери аткарылып, учурда битум чачууга даярдык көрүлүүдө.
«Муну менен катар жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да жүрүүдө. Тактап айтканда, 140+224-чакырымында оң жана сол тараптагы арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери аяктады», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда аталган тилкеде тирөөч курулмаларынын негизги бөлүгүн бетондоо, 135+275-чакырымында оң тарапка арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери жүрүүдө.