Баткенде быйыл 1050 ипотекалык батир пайдаланууга берилет

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Баткен шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, “Менин үйүм — 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу «Асман резиденс-1», «Асман резиденс-2», «Асман резиденс-3» турак жай комплекстери Курманжан датка-Алымбек датка көчөлөрүндө, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө курулуп жатат. Үч комплекстеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт.

Быйылкы жылы «Асман резиденс-1» турак жай комплексинин 17 блогу, 1050 батир жыл аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Учурда ипотекалык үйлөрдүн суу кампасы, саркынды суу системасынын курулушу жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө облус боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан турак үй алуу үчүн 3425 адам кезекте турат.

Белгилей кетсек, ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына куруу пландалган, ал үчүн жер участоктору ажыратылып, сунуштар жиберилген.

Жарандар МИКтен үй алуу боюнча Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсү, 29 дарегинде жайгашкан, аталган мекеменин өкүлдөрүнө кайрылса болот.

20 Июль 2026 жыл 16:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча