Баткенде эки киши экстремисттик материал таратууга шек саналып кармалды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыя шаардык милициясы социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратууга шек саналган 32 жаштагы жаранды кармаганын кабарлады.

Тийиштүү экспертизанын жыйынтыгында чогултулган материалдар Кыргызстанда тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” уюмуна таандык экенин экспертиза аныктаган. Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Милициянын маалыматында, шектүү 2021-жылы “террордук ишти каржылоо” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын 34 жаштагы эжеси 2013-жылы Сирияга кеткени аныкталган.

Социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратууга Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну дагы шек саналып кармалган. Ал өлкөдө тыюу салынган “Жамаат Ат-Таухид валь Жихад” уюмунун материалдарын таратканы аныкталган.

Бишкек милициясы Орусиядагы «Крокус Сити Холлдогу» окуядан кийин шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирген.

2021-жылдын октябрь айында 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

2003-жылдан бери Кыргызстанда баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган.

28 Март 2024 жыл 15:14

Тема боюнча