Үй-бүлө кодексине 4 балалууларды «көп балалуу» деп атоо сунушталды

Үй-бүлө кодексине жаңы «көп балалуу үй-бүлө» түшүнүгүн киргизүү сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорду депутат Нуржигит Кадырбеков иштеп чыкты.

Ал Орусияда 3 балалуулар, кошуна өлкөлөрдө 4 балалуулар көп балалуу үй-бүлө болуп эсептелерин белгилейт.

Кыргызстанда Үй-бүлө кодексинде мындай норма жок. Социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзам боюнча 5 жана андан ашык баласы барлар көп балалуу үй-бүлө болуп саналат.

Депутат мындай үй-бүлөлөргө социалдык колдоо жана жеңилдиктерди берүүнү сунуштайт.

26 Апрель 2024 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча