Сыймык Бейшекеев: «Эмнеге мурдагы атка минерлер деле ушундай ойлонгон эмес…?

Сыймык Бейшекеев Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операцияларына мамлекет каражат төлөп бериши тууралуу пикирин билдирди.

“Ушул күндө ар бир гемодиализ алган бейтапка мамлекет бир жылда 15 миң доллар коротот экен. 2645 бейтаптын чыгымын эсептесек 39 миллион 675 миң доллар (3 миллиард 531 миллион сом) болот экен.

Бул суммалардын баарын бүгүн атайын жакын тааныш врач менен чай үстүндө сүйлөшүп отуруп уктум. Бейтаптар 10-15 жылдан бери гемодиализ алып жатышат дейт. Муну акыркы 10 жылга көбөйтсөк, мамлекеттин чыгымы 35 жарым миллиард сом болуптур. Азыр эми мамлекет башчыбыз бөйрөктөрдү мамлекеттин эсебинен алмаштыруу менен, биринчиден, бейтаптардын өмүрүн узартуу максатын көздөгөнү кубандырбай койбойт.

Экинчиден, мамлекеттен чыгып жаткан чыгымды токтотуу болду го, деп ойлойм.

2645 бейтаптын баарынын бөйрөгүн алмаштырып, чыгарып жиберсек, жылына чыгып жаткан 3, 531 миллиард сом чыгашаны үнөмдөп калабыз.

Эмнеге мурдагы атка минерлер деле ушундай ойлонгон эмес? — деп сурасам, акырын жылмайып ийин күүшөп тим болду, бир бейтапка коротулуп жаткан 15 миң доллардын жарымын чыгым кылып, бөйрөктөрүн алмаштырып чыгарып жиберсе, өкмөт бир жылда бир бейтапка кетип жаткан 15 миң доллардын жарымын сактап калгандан сырткары келээрки жылдардын чыгымы да сакталып калат да.

Бир ок менен эки коён аткан ушундай болот, деген адистин кебине муюп, баардык сыркоо бейтаптарга ден соолук, анан батыраак сакайып кетүүсүн тилеп, жарандар үчүн жакшы иштердин жасалып баштаганына кубанып үйгө кайттым.» — деп жазды Бейшекеев.

8 Февраль 2024 жыл 9:25

Тема боюнча