«12 млн абага кетти». Бабанов «Фрунзеге» болгон инвестициялар Жээнбеков жана Аматовдун колу менен кандайча уурдалганын айтып берди

Өмүрбек Бабанов өзүнүн баракчасына “Фрунзе” гипермаркеттеринин мурдагы ээлери Болотмамбет Жээнбеков менен Бакытбек Аматов тарабынан ири суммадагы акчалар уурдалып, көз боемочулук кылгандары тууралуу видео жарыялаган.

Бабановдун видеокайрылуусунда, анын компанияга салган жалпы салымынын суммасы 12 миллион АКШ долларын түзгөнүн, ал эми өнөктөштүктүн өзү 2016-жылы тузүлгөнүн жана бир туугандар Болотмамбет Жээнбеков менен Бакытбек Аматов компаниянын ири карыздарын жабуу үчүн инвестиция сурап кайрылгандан кийин башталганын айткан.

Бир туугандардын кайрылуу демилгеси 2016-жылы каржылык кыйынчылыктардан жана кредиторлор менен банктарга 3 млн АКШ доллары карызынан улам келип чыккан: ошол учурда алардын атындагы дүкөндөрү жана жер тилкелери “РСК” ААК жана “ KICB” ААКга күрөөгө коюлган.

Инвесторлор тарабынан компанияга 12 миллион АКШ доллары жумшалып, компаниянын өнүгүүсү 4төн 47 дүкөнгө жетти.

Бирок Болотмамбет Жээнбеков менен Бакытбек Аматов тарабынан акча уурдалып, өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгынан улам компанияга бир нече миң доллар зыян келтирилип, сот процесстери башталды.

Кылмыш иши козголуп, Бакытбек Аматов акча уурдоо фактысы боюнча тергөө абагында жатат.

Болотмамбет Жээнбеков тергөөнүн жүрүшүнө жана сот процесстерине таасир этүүгө аракет кылып, фактыларды бурмалап, Өмүрбек Бабановдун атын каралаган видеону жарыялаган.

Бабанов өз кезегинде ага-ини Болотмамбет Жээнбеков менен Бакытбек Аматовдун бардык алдамчылык схемаларын коомчулукка жарыялоого даяр экенин жана сотто өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоого ниеттенип жатканын белгиледи.

26 Апрель 2024 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча