11-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндуз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23.
Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30° ысыйт.