Шылуундардын жаңы ыкмасынан сак болуңуз! Улуттук банк эскертет


Улуттук банк жарандардын акчасын алып алдаган шылуундар жаңы ыкмага өткөнүн эскертти. Эми, мекеме билдиргендей, алар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып жатышат.

Башкы банк маалымдагандай, шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, жарандарга социалдык тармактардан, мессенжерлерден билдирүү жиберишет. Жарандарды ынандыруу үчүн алар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн документтерди жиберүүдө. Шылуундар жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» порталындагы катталган системасы бузулганын айтып, алдашат:

«Андан ары шылуундар жарандардын бардык жеке маалыматтары үчүнчү жактардын колуна түшүп калганын жана жарандын атына насыя алынганын айтып алдашат. «Акчаны сактап калуу» жана кийинки жоготуулардын алдын алуу үчүн акча каражатын коопсуз эсепке которуу сунушталат», — деп билдирген башкы банк мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырууда.

«Мындай билдирүүлөрдү шылуундар гана жиберет», — деп жазылган маалыматта.

Улуттук банк жарандарды этият болууга, түрдүү билдирүүлөргө ишенбей, акча каражаттарын бейтааныш адамдарга жибербөөгө жана башка адамдарга банк эсептерин, реквизиттерин жана сыр сөзүн бербөөсүн өтүндү.

10 Июнь 2026 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча