Кадамжайдын бир нече айылында кичи футбол аянтчалары курулууда

Кадамжай районунда кичи футбол аянтчасы жок болгон 23 айылда заманбап футбол аянтчаларынын курулуш иштери башталды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, футбол аянтчаларынын курулушу президенттин фондунун эсебинен каржыланат.

«Жаңы курула турган футбол аянтчалары жаштарды сергек жашоо образына үндөп, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле айылдарда массалык спортту өнүктүрүүгө жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болот», — деп айтылат маалыматта.

10 Июнь 2026 жыл 17:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча