Бишкектеги автобустардын айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди.
“Жакшы иштеген айдоочуларыбыз 100 миң сом, ал эми айрымдарыныкы 170 миң сомго чейин жетет. Биз жакшы шарттарды түзүп, Москва жана Алматы шаарларындагыдай заманбап автопарктарды курдук. Ошондой эле 1-июлдан баштап айдоочулар нааразы болуп келген план толтуруу системасы толугу менен жокко чыгарылат. Учурдан пайдаланып, D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандарды бизге жумушка чакырам”, — деди ал “Ала-Тоо” телеканалынын түз эфиринде Талант Капаров.