Бекилип калган батирден 2 жана 4 жашар балдар куткарылды

Ош шаарында эшиги бекилип калган батирден эки бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

17 Ноябрь 2023 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча