Өлкөнүн бийик тоолуу жана суук аймактары үчүн электр энергиясына өзгөчө режим киргизүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Нурланбек Азыгалиев билдирди.
Анын айтымында, калк үчүн электр энергиясын пайдаланууну чектөө чечиминин реалдуу кесепеттери аймактарда, айрыкча бийик тоолуу региондорго оорчулуктарды жаратууда.
“Кышкысын Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы – 45 – 50 градуска чейин түшөт. Мындай шартта электр энергиясы тиричиликке эмес, адамдын жашоосуна түздөн-түз байланышкан фактор. 3 киловаттык чектөө шартында үйлөрдү, мектептерди жана социалдык объектилерди жылытуу мүмкүн эмес. Калк жарык менен жылуулуктун ортосунда тандоого мажбур болуп жатат”,- деди депутат.
Белгилей кетсек, эл өкүлү калк үчүн көмүр жетишсиз болуп жатканын жана көмүр менен камсыздоо көзөмөлгө алынышы керектигин маалымдады.
“Калкка көмүр жетишсиз, жеткирүү татаал. Ал эми баасы өсүп жатат. Көмүр менен камсыздоо маселеси сөз түрүндө эмес, реалдуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Бул техникалык эмес, социалдык жана гуманитардык маселе. Натыйжада үйлөрдө нормалдуу температура сакталбай, мектептер жабылууга аргасыз болуп, балдар онлайн окуп жатышат. Ошондуктан аймактык өзгөчөлүктөрдү эске албастан кабыл алынган чечимдер мамлекеттик органдардын түздөн-түз жоопкерчилиги. Бир эле чектөөнү Бишкекке да, Суусамырга да бирдей кабыл алууга болбойт, өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарыл. Бийик тоолуу жана суук аймактар үчүн электр энергиясына өзгөчө режим киргизилиши керек. Жок дегенде чектөөдөгү лимитти жогорулатуу зарыл”, — дейт ал.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын март айына чейин калк үчүн электр энергиясын пайдалануунун кубаттуулугуна 3 киловаттык чектөө киргизилген.