Туристтик мезгил башталгандан тарта Бишкек – Балыкчы темир жол каттамында жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар күчөтүлдү.
ИИМден билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу темир жол транспортундагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөшүүдө.
«Поезд каттамында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөргө жеке буюмдарын кароосуз калтырбоо, шектүү жагдайлар жаралса дароо милиция кызматкерлерине же поезд коштоочуларына кайрылуу боюнча эскертүүлөр берилүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ар бир каттам алдында поезд милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлүп, коопсуздук, байланыш жана өрт коопсуздугу системалары текшерилип, коштоочулар жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүүгө даяр.
ИИМ жарандарды жол жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.