Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы «D» категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда алып келинген газ кыймылдаткычтуу жаңы автобустар үчүн айдоочулар керек. Айлыгы 50 миң сом. Айдоочулардын жаш курагы 21 жаштан 60 жашка чейин болушу керек.
«»ВС» категориясы бар айдоочулар үчүн «Д» категориясына акысыз окутуу жана практика каралган, курсту аяктагандан кийин, расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет», — деп кошумчалашты мэриядан.
Суроолор боюнча 0705 86-84-64, 0312 53-18-14 же 0555 525 452 (whatsapp) номерлерине кайрылууга болот.
Троллейбус паркы: 0(312) 657590, 0701 507 700.
Дареги: 7-апрель көчөсү, 4. Электрондук дареги: [email protected].