Бишкек мыйзамсыз орнотулган жарнама баннерлерден тазаланды

Бишкектеги Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки тилкеси текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган 29 жарнама, 67 жарнама баннери демонтаждалып, 11 мыйзамсыз соода түйүнү жоюлду.

Иш-чаранын максаты шаардын архитектуралык, көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.

18 Апрель 2025 жыл 19:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча