Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Чектөөлөр 21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу киргизилүүдө.
Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкери тартылат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.
Делегациянын кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет: