26-июнь күнү түндө Бишкекке жакын жерде жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, кырсык саат 21:45те Бишкек эркин экономикалык аймагына бараткан жолдогу Мараморное айылында болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, «Тойота-Калдинанын» айдоочусу унааны башкара албай, жолдун бетон тосмосун сүзгөн.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.