Бишкекте №18 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу быйыл аяктайт

Бишкек шаарындагы №18 мектебинин 225 окуучулук орунга эсептелген жаңы окуу корпусунун курулушу 2023-жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда төмөнкүлөр аткарылды: чатыры — 100%, жылытуу системасы — 100%, сырткы жасалгасы – 100%, ички жасалгасы — 100%, ички инженердик тармактары — 95%, полу-100%.

Бүгүнкү күндө тышкы жылуулук тармактарын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.Объекттин жалпы аянты 1544.04 м2 түзөт. Курулуш аянты 910.01 м2 түзөт. Окуу имараты 2 кабаттуу эки блоктон турат.

29 Май 2023 жыл 11:47

Тема боюнча