Бишкекте №226 автобус каттамынын схемасы өзгөртүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Эми автобус Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө андан ары Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө жана «Асанбай» кичи районуна чейин барат.
Белгилей кетсек, аталган чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Жукеев-Пудовкин көчөсүндө коомдук транспортту ишке киргизүү боюнча №7 жана 8-кичирайондорунун тургундарынын бир нече жолку өтүнүчүнөн улам, ошондой эле Юнусалиев көчөсүн тыгындан бошотууга байланыштуу кабыл алынган.