Бишкек шаарында атмосфералык абадагы зыяндуу заттардын суткалык орточо көлөмү белгиленген ченемден ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февралдан 26-февралга чейин жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациясы чектүү деңгээлден 2 эсеге чейин ашкандыгы аныкталды.
Эскерте кетсек, атмосфералык абанын булгануусунун негизги булактары катары автоунаалардан чыккан түтүн, жеке сектордогу жылытуу системалары жана метеорологиялык шарттар аталып келет.