Бишкекте Балдарды коргоо күнү өзгөчө белгиленди (сүрөт)

Быйыл Бишкекте балдарды коргоонун Эл аралык күнү белгиленип, балдарга жана ата-энелерине этнооюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнир, көркөм искусство боюнча мастер-класстар, цирк, аквагрим, ыр, бий жана сүрөт боюнча сынактар тартууланды.

Балдардын III Эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалынын катышуучуларынын түстүү парады Чүй проспектиси менен аянтка чейин өттү.

Программанын өзгөчөлүгү балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун аткаруусу болду. Ага миңдеген жарандар келгенин көрүүгө болот.

2 Июнь 2023 жыл 13:15

Тема боюнча