Бишкекте чет элдик номерлүү унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек шаарында чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо номур белгилери менен жүргөн унааларды текшерүүгө багытталган масштабдуу рейддик иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын башкы максаты – борбор калаанын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт каражаттарынын мыйзамдуулугун текшерүү болуп саналат.

15 Июль 2026 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча