Борбор калаада бир айдын ичинде 7 кичи автобустук каттам жоюлуп, ордуна автобус каттамдары киргизилет. Шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, буга чейин айрым жеке жана муниципалдык эл ташуучу компаниялар жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөө боюнча милдеттенмелерин аткарышкан эмес.
«Айдоочулар график боюнча жумушка чыгышы керек болсо да, жеке себептери менен каттамга чыккан эмес. Келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле каттамды үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн тиешелүү протоколдор түзүлүп, линияны ижарага алуу келишими бир тараптуу бузулган. Бул тууралуу билдирүүлөр «Акжолтой», «Ника Плюс», «Спейсталс» жана «ЖТБ» деп аталган компаниялардын жетекчилерине жиберилди», — деп жазылган маалыматта.
Жыйынтыгында Бишкек шаарында алдыдагы бир айда кичи автобустардын 7 каттамындагы 120 кичи автобус линиядан чыгарылып, ордуна автобус каттамдары ишке киргизилет.