Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылар кеңешинин кеңейтилген жыйыны башталды

Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны башталды.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын алгач тар чөйрөдө жолугушуусу өтүп, андан соң кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрү башталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде 2024-жылдын апрель айында Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынын өткөрүү талкууланат.

12 Октябрь 2023 жыл 12:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча