Бишкекте Тез жардамдын дарыгери сабалып, ооруканага түштү

Бишкекте Тез жардамдын дарыгери сабалып, ооруканага түштү. Маалыматты Ленин РИИБинен тастыкташты.

Тез жардам кызматына 30-июнда баланын ичи ооруп жатат деген чалуу түшкөн. Педиатриялык бригада айтылган дарекке барып, бейтапты көргөн соң ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок экенин айткан.

Баланын энеси буга макул болбой, ооруканага алып барууну талап кылып, дарыгерге кол салганын Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов бизге билдирди.

“Педиатр Улуттук госпиталга мээси чайкалып, гематома менен жаткырылды. Дарыгер кош бойлуу”, — деп билдирди Борисов.

Милиция тергөөгө чейинки иликтөө иштерин баштап, экспертизаларды дайындады.

булак: спутник

2 Июль 2024 жыл 12:01

Тема боюнча