Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды. Маалыматтты Октябрь РИИБден тастыкташты.

22-апрелде Бишкектеги Октябрь РИИБге аял киши арыз жазып, 18-апрелинен 22-апрелине чейин жаңы төрөлгөн ымыркайына карата өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткарып, кийин ырымкайдын чарчап калганына байланыштуу медициналык кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

30 Апрель 2024 жыл 11:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча