Бишкектеги Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү оңдолуп, толугу менен ачылды

Бишкекте Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин толук ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көчөгө Аалы Токомбаевден баштап Жибек Жолу проспектине чейин 6 жана 5 сантиметрлик эки катар асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, жол жээгиндеги бордюрлар алмаштырылды.

Учурда коммуникация жана электр зымдарын жер астына киргизүү боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.

5 Август 2024 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча