Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн дагы эки бөлүгү жабылат

Эртең, 29-июндан тарта Бишкектеги Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жана ушул эле көчөнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мындан тышкары, 29-июндан баштап Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу, ошондой эле Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишин 4-июлга чейин чейин жабуу мерчемделүүдө.

Капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев жана Жибек-Жолу проспектилеринде жүрүүдө.

28 Июнь 2024 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча