Бишкектик окуучу Сауд Аравияда өткөн химия боюнча олимпиадада коло медаль утту

Үстүбүздөгү жылдын 22-29-июлунда Сауд Аравиясында өткөн Химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада UWIS Эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, ал эми Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамота алды.

Олимпиадага ошондой эле Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Нурхан Турдубаев жана “Сема” Ош лицейинин 10-классынын окуучусу Максатбек Кахраманов катышты.

Команда жетекчилери – Дооронбек Маметов, Нурсултан Соодонбеков жана Сарвар Хайдаров.

30 Июль 2024 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча