Бишкектин жолдоруна үч күндө 501 тонна туз чачылды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдун кардан тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды, анын 74 тоннасы тротуарларга себилген.

«Көчөлөргө 39 атайын техника — МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 5 «УКМ-2500″ универсалдуу коммуналдык унаа чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Аялдамалардан жана тротуарлардан карды тазалоого 649 тазалоочу, 116 жүктөөчү унаалар менен чыкты.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга жана кызматташууга чакырат.

11 Декабрь 2023 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча