
Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол 40 жашка чыкканда спорттук карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу мушкер Спорт экспресс интернет-порталына берген маегинде билдирген.
Анда Дмитрий Бивол 40 жашка чыкканда рингге чыгууну каалабай тургандыгын, башка иштер менен алектенерин айткан.
«Бир канча жыл рингге чыгам. 40 жаштан баштап жашоонун жаңы этабына өтүүнү каалайм», — деген ал.
Белгилей кетсек, жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиев менен 22-февралдан 23-февралга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Kingdom Arena стадионунда беттешип, жеңишти камсыздаган.
Бивол профессионалдык карьерасында 25 мелдеш өткөргөн. Анын 24үндө жеңишке жеткен, мунун ичинен 12 беттешти нокаут менен уткан. Жеңишти бир гана Бетербиевге тарттырып жиберген.