Болат Назарбаев каза болгону кабарланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаев 70 жашында дүйнөдөн кайтканын 13-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ratel.kz агенттиги өз булактарына таянып, Болат Назарбаев 13-ноябрда, саат 9:28де каза болгонун жазды. Маалыматка ылайык, анын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган реанимациялык аракеттер жардам берген эмес.

Болат Назарбаев ноябрдын башында саламаттыгы начарлап, Алматыдагы борбордук клиникага жаткырылганы маалым болгон.

Болат Назарбаев — Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси.

13 Ноябрь 2023 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча