Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушунда бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иштеринин алкагында Матыев көчөсү 21 жана 21/1 даректеринде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда:
“Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Кап Строй Кей Джи» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле департамент тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы коюлду”, – деп айтылат маалыматта.