БШК 13-округдагы шайлоону жараксыз деп таанып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

№13 шайлоо округунда (Масы айылы, Жалал-Абад облусу) шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

БШКнын маалыматына караганда, бир талапкердин агитаторлору добуш берүү учурунда шайлоочуларды видеого тартып, жашыруун добуш берүүнүн тартибин бузганы далилденди. Бул боюнча даттануулар буга чейин соцтармактарда да айтылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер — Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова.

Бул аймактан шайлоого катышкан талапкерлер алдыда өтүүчү кайра шайлоого катыша албайт деп белгиленди.

3 Декабрь 2025 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча